• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Эмгек министрлигине келип түшкөн документтердин 90%дан ашыгы аткарылды

Коом 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине келип түшкөн документтердин 90%дан ашыгы аткарылды. Бул тууралуу ведомствонун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Эмгек министрлигинин коллегиясы 22-февралда өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рысбекова катышкан.

Министрдин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, 2023-жылдын 12 ай ичинде министрликке (министрликтерден, ведомстволордон жана башка уюмдардан) жалпысынан 27 миңден ашык документ келип түшкөн.

"Келип түшкөн документтердин 90,5% аткарылды, калгандары ишке ашыруу баскычында. Белгилей кетсек, 2022-жылга салыштырмалуу 10,3 миң документке көп алынган.

Өткөн жылы министрлик тарабынан 68 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан, алардын ичинен 28и кабыл алынган, калгандары макулдашуунун жана иштеп чыгуунун ар кандай баскычтарында", - деди ал.

Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, министрликтин кызматкерлери коомдук кабылдамага, ишеним телефону аркылуу жарандардын 10 миңге жакын оозеки, жазуу кайрылууларын карап чыгып, иштеп чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий