• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Ленин райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кызматтан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Галбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Эскерте кетсек, мындан мурда №2 ҮМБда россиялык «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы эрип кеткен. Бишкек мэриясынын алдын ала маалыматы боюнча келтирилген чыгым 840 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий