• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Талапкерлердин саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер 1986-жылы туулган Давлянов Дамирбек Тайырбековичтен арыз түшкөн. Ал арызында учурда Ички иштер министрлигинин пенсионери экенин көрсөткөн.

Ошондой эле № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуу ниети менен 1955-жылы туулган Каработоев Жалил Исаковичтен, 1979-жылы туулган Кожонов Замирбек Ырысбаевичтен жана 1967-жылы туулган Райымкулов Аширбай Өмүрзаковичтен арыз түшкөн.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий