• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад жана Сузакта коменданттык саатты 76 жаран бузган

Аймак 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 76 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда бир күн ичинде 16 кылмыш катталып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.

"Ал 16 кылмыштын ичинен бирөөсү жалган маалымат таратуу боюнча болду", - деп ал, жалган маалымат тараткан жарандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Аны менен бирге ал коменданттык саат убактысында 76 жаран кармалып жана 4 автоунаа айып аянтчасына коюлганын айтып өттү.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий