• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн жылкылардын ээсине айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн жылкылардын ээсине 5 миң 500 сом суммасында айыппул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 1-февралда Жалал-Абад шаарынын аймагында кароосуз жүргөн 6 баш жылкы кармалып, Спутник кичирайонундагы муниципалдык унаа базардын четиндеги атайын мал-жандыктар кармалуучу жайга киргизилген.

Мэрия мал-жандыгын кароосуз калтырган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 124-беренесинин негизинде жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айыппул салынарын эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий