• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда жалпы 12,5 миң өткөрмө кагазы берилди - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Ош облусунда жалпы 12,5 миң өткөрмө кагазы берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, 4,5 миңден ашыгы тамак-аш азыктарын жана медкаражаттарын алып келген жүк ташуучу автоунааларга берилен.

"7,5 миңден ашыгы жөө жүргүнчүлөргө берилди. Ошондой эле ветеринардык кызматкерлер санитардык-карантиндик посттордо дем алышы жок иштеп жатат", - дейт Нурдинов.

Эскерте кетсек, 4-апрелге караган түнү Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 5 жаран кармалды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 144гө жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий