• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда коомдук транспорт жана кийим-кече саткан базарлар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында 25-майдан тарта уруксат берилген коомдук транспортторго, кийим-кече сатуучу базарларда жана тамактануучу жайларда рейд жүрдү. Натыйжада бир нече ишкерлерге, коомдук транспорттордун ээлерине айыппул салынды. Аны менен бирге бир дүкөн жабылып, көпчүлүк соода жайларынын ээлерине эскертүү берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин жүрүшүндө эң башкысы жарандардын ден соолугун сактоодо жана илдеттин жайылуусун алдын алууда белгиленген санитардык талаптардын сакталышы каралды. Ал эми маршруттук каттамдардын айдоочуларына тазалыкка көңүл буруу менен бирге медициналык беткап кийген гана жүргүнчүлөрдү ташууга болоору эскертилди.

Андан кийинки рейд кийим-кече саткан дүкөн жана базарларда уланып, соода жайларындагы кардарлар арасындагы аралыктын сакталышы, сатуучулардын беткап, колкап жана антисептикалык каражаттар менен иш алып барып жаткандыгына көңүл бурулду. Бирок, коюлган талаптарга карабай көпчүлүк сатуучулар тарабынан эрежелер толук кандуу сакталбай жаткандыгы белгилүү болду.

Көп тармактын кызматкерлеринен түзүлгөн рейддин алкагында соода жайларындагы кетирилген кемчиликтер айтылып, аны жөнгө салуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы соода жайларында калктын саламаттыгына кам көрүү максатындагы мындай рейддер күн сайын уланат.

Пикир

Оставить комментарий