• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто коммуналдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык кызматтардын жетекчилери, кызматкерлери, профсоюздардын өкүлдөрү катышты.

Бакытбек Жетигенов шаардын көркүнө көрк кошуп иштеп келе жаткан коммуналдык кызматкерлер шаардын күзгүсү, өнүгүүнүн башаты экенин белгилеп, күжүрмөн эмгеги жана аракети менен айырмалангандарды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.

Ошондой эле, коммуналдык кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин, профсоюздардын өкүлдөрүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий