• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Бишкекте 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында майрамга карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала концерт өтмөкчү.

Майрамдын алкагында кыргыз эл артисттери “Кызыл килем” аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар жаңырат.

"Филармониянын фойесинде жаш сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, жаш кол өнөрчүлөрдүн, жаш акын - жазуучулардын көргөзмөсү орун алып, жалпы маданият тармагы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жаш актёр –актрисалардын катышуусу менен театрлаштырылган пролог коюулат", - деп билдиришти министрликтен.

Иш-чаранын программасы;

Саат 10:00 – кызыл килемден өтүү,

Саат 10:30 – жаш кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү,

Саат 11:00 – майрамдык салтанат башталат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы жалпы кызматкерлердин саны 11 508 адамды түзөт. Алар филармония, цирк, консерватория, китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары, кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий