• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖЕЭКтин кеңири форматтагы жыйыны башталды

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталды.

2017-жылы Кыргызстан ЖЕЭК, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылууда.

ЖЕЭК жыйынында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армениянын Президенти Серж Саргсян, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко жана Молдованын Президенти Игорь Додон катышууда.

Белгилей кетсек, Молдова ЕАЭБде байкоочу макамын сурап жатат.

Пикир

Оставить комментарий