• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Президент үлгү көрсөттү, эмки кезек Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө – экс-депутат

Коом 0

Бишкек, 14-апреь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевдин жолун жолдоп, өздөрүнүн мүлкү тууралуу маалымат бериши керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, Президенттин кылганы туура. “Бизде ачык коом жана бардык чиновниктер ушундай образда иш алып баруусу керек. Президент үлгү көрсөттү, эми башкалардын кезеги. Эгер алар алдаган жокмун десе, аны далилдеши керек. Элдер иштин чыныгы абалын билбей туруп, туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратпашы керек. Декларанттын өзү гана өзүнүн мүлкү, байлыгы кайдан келгени тууралуу маалымат бере алат”,-деди К.Осмонов.

Экс-депутат эгер Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү мародерлук, өзүнө ыйгарып алуу, басып алуулардын натыйжасында байыганы аныкталып, сот аны далилдесе, анда аларга карата катуу чаралар көрүлүүсү керек деп белгиледи. Бары мыйзам чегинде болууга тийиш.

Эскерте кетсек, Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, өзүнүн 2010-жылга чейинки байлыгы тууралуу бардык документти берген. Ошондой эле, ал 2003-жылы сатып жиберген Түркиядагы бизнеси тууралуу документти дагы көрсөткөн. Мамлекет башчысы бардыгы анын жолун жолдоп, 2010-жылга чейинки жана андан кийинки байлыктарын көрсөтүшү керек деп белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий