• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжал боюнча биргелешкен документке кол койду

Саясат 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжал боюнча биргелешкен документке кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөтүнүн демилгеси менен эки өлкөнүн чек аралаш аймагындагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия 29-апрелде орун алган кагылышты токтотуу, анын себептерин жана кесепеттерин талкуулады.

Эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө куралдуу жаңжалды токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий