• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Саясат 0

Бишкек, 23.10.23./Кабар/. Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

Монголия Өкмөтүнүн башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды.

Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий