• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-грузин саясий консультацияларынын үчүнчү раунду өттү

Саясат 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-грузин саясий консультацияларынын үчүнчү раунду болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, грузин делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле консулдук багытта кызматташуу талкууланды.

Маектешкендер айрыкча мамлекеттер ортосундагы мамилелерге жаңы дем берип, жогорку деңгээлге көтөрө турган экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынын 2023-жылы өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселеси өзүнчө талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери каралды, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тышкы иштер министрликтер аралык консультациялардын алкагында тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны инвентаризациялоону жүргүзүштү, анын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды жыл сайын өткөрүү практикасын улантууга өз ара даярдыгын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө керектүү натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий