• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун бир тарабына асфальт төшөлүп бүттү

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду трассасынын 10-23-чакырым аралыгындагы (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыгы) жолдун бир тарабы бүткөрүлүп, экинчи тарабы асфальтталууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда жол курган компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жогоруда аталган жолго бир нече ирет барып, туристтик мезгилде келген коноктордун жана жергиликтүү калктын ыңгайы үчүн жумушту тездетүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Анын 96 чакырымына калыңдыгы 9 см болгон асфальтобетондун төмөнкү катмары төшөлүп, 8 чакырымына төшөө жумуштары калды. Ал эми 81 чакырым жолго калыңдыгы 6 сантиметрди түзгөн асфальтобетондун жогорку катмары төшөлүп бүттү.

Пикир

Оставить комментарий