• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манас районунда жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунун хатибиятына ай сайын кайрымдуулук иштерин адатка айланткан мекендештерибиз тарабынан гуманитардык жардам келип түштү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар бир баштык 1800 сомдон айланып, анын ичинде 10 кг ун, 5 кг макарон, 5 литр май, 3 кг кум шекер, 3 кг күрүч болуп, анын жалпы суммасы 90 миң сомду түздү.

“Бул гуманитардык жардам 50 муктаж үй-бүлөлөргө имамдарыбыз аркылуу жеткирдик. Анын ичинде Чоң-Капка, Май, Манас, Пакровка жана Кызыл-Жылдыз айылдарына таратып бердик.”, - деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев.

Пикир

Оставить комментарий