• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте таштанды челектерин жууп-тазалоо уланууда

Коом 0

Бишек, 07.09.22. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды челектерин жана аянтчаларды жууп-тазалоону улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Фрунзе, Жибек-Жолу, Сүйүмбаев, Осмонкул, Гоголь, Үсөнбаев, Линейная көчөлөрүндө жууп-тазалоо жүргүзүлдү.

"150гө жакын таштанды салынуучу челек жана 25тен ашык таштанды аянтчалары жуулду. Жууп-тазалоо иштерине 3 бирдик атайын техника жана 10 кызматкер тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Челектерди жана аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке ылайык бардык көчөлөрдө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий