• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга коронавирус кантип келди жана учурда эмне болууда

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Өкмөттө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирусту жуктурган кыргыз жарандары тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, 12-мартта Сауд Арабиядан келген кыргыз жарандарында коронавирус аныкталды.

"Сауд Арабия өлкөсү аталган илдети жуктургандардын саны жогору болбогондуктан кыргыз жарандары дарыгердин көзөмөлүндө үйүнө коё берилген. Дарыгерлердин текшерүүсүндө Сузак районунда жашаган аялдын дене табы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген. Аны менен бирге 8 адам да ооруканага жеткирилип, анализдер алынган. Анализдер Оштогу лабораторияга жиберилип, жыйынтыгында коронавирус Сузак районун үч жаранында аныкталган. Аны тастыктоо үчүн анализдер Бишкекке жиберилген. Илдетти жуктуруп алгандар 70, 62, 46 жашта. Алардын абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүүдө", - дейт министр.

Белгилей кетсек, 12-мартта Сауд Аравиядан келген учакта 135 адам болгон. Министрдин айтымында, алардын ичинен 90 адам обсервацияга жаткырылган.

Чолпонбаев кошумчалагандай, өзгөчө кырдаал абалын киргизүү республикалык штабдын жыйынынан кийин белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий