• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кардиологиялык клиникада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер акысыз текшерилди

Ден соолук 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. Бишкектеги “Бикард” кардиологиялык борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды текшерүү жана кеңеш берүү боюнча акысыз кызматтар көрсөтүлдү.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан жардам сурап беш адам кайрылган. Алардын арасында көрүүсү боюнча, кыймылдыткыч тутуму боюнча, гемодиализдеги жана башка майыптуулуктагы адамдар болгон. Эреже болуп калгандай, кышкысын майыптыгы бар адамдарга коляска менен жүрүү абдан кыйын.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен өткөргөн акциябыз – бул кайрымдуулук эмес, бул адамдар да башка бардык адамдар сыяктуу эле жогорку квалификациялуу медициналык кызматтарды алууга, диагностикага жана мыкты адистерден кеңеш алууга укуктуу экенин эскертүү. Көптөр биздин арабызда мындай адамдар бар экенин, алар да жүз пайыздык укуктарга ээ экендиктерин унутуп коюшат”, - деди клиниканын башкы дарыгери Дамир Осмонов.

Осмонов белгилегендей, акциянын милдети – ишкерлердин жана инвесторлордун көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин бардык муктаждыктарын жоюуга ресурстары жетишсиз саламаттык сактоого бурдуруу болуп саналат.

Текшерүүгө биринчи келген 44 жаштагы Жылдызбектин айтымында, аны түнкүсүн жүрөгүнүн тезден согушу тынчтандырып келген. Акция тууралуу радиодон уккан. Кызматтар көрсөтүлгөнү абдан жакшы болгон, себеби анын 5 миң 900 сом пенсиясына жашоо кыйын.

“Биздей оорулуу пенсионерлерге анализдерди көп дайындашат, мындай акция кандайдыр бир жеңилдик болду,- дейт дагы бир бейтап Зинагүл Ибраева. – ЭХО текшерүүдөн акысыз өтүү – бул ийгиликтүү иш.мурдагы партиялык жумушчу катары жаңылыктарды дайыма көзөмөлдөп турам, жарыя менен билдирүү сабын көрүп, бул жакка мени балам алып келди. Мен мурда кардиологияда жаткам, жүрөк жетишсиздиги менен жабыркайм. Текшерүүдөн кийин дарылоо дайындашып, дагы бир келип кетүүнү айтышты”.

Пикир

Оставить комментарий