• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жылдан жылга. Бишкекте ичеги-карын оорулары өсүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Бишкекте жыл сайын май айында ичеги-карын ооруларынын өсүүсү байкалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Айнура Узакбаева билдирди.

Ага байланыштуу палаталар толуп калган, ооруканага жаткырылгандардын саны андан да көп.

Узакбаеванын айтымында, аталган көйгөй жугуштуу оорулар ооруканасында ар дайым байкалып турат, эгерде кышында бардыгы вирус оорулары боюнча кайрылышса, май айында болсо ичеги-карын оорулары боюнча.

“Ооруканага жатуу боюнча эч кимисине баш тартпайбыз. Эртеси күнү кимдир-бирөө чыгып кеткенде коридорлордо жаткан бейтаптардын бирин анын ордуна жөнөтөбүз”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий