• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"КМШнын Экономикалык сотунун статусу" жөнүндө Макулдашууга айрым өзгөртүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү максатында иштелип чыккан КМШ Экономикалык сотунун статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

2016-жылы КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунда «КМШнын учурдагы чындыктарына ыңгайлашуу зарылдыгы жөнүндө» жана «КМШнын Экономикалык соту жөнүндө» чечимдер кабыл алынып, мүчө-мамлекеттерге КМШнын Экономикалык сотун ad hoc форматына которуу жана анын аппаратынын санын кыскартуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу тапшырмасы берилген.

Ал эми 2017-жылы КМШ Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин отурумунда «КМШнын Экономикалык сотунун статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоого катышуусу тууралуу эскертме менен жактырылган. Эми ал Протоколду ратификациялоо милдети турат.

Пикир

Оставить комментарий