• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды

Ден соолук 0


Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Бишкекте 150 койка-орундукка эсептелген көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министрдин айтуусуна караганда, оорукана балдарга медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ачылды.

Көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы Республикалык диагностикалык борбордун ордуна уюштурулган.

«Министрлик тиешелүү штаттык бирдиктерди, материалдык-техникалык базаны, имаратты, курулуштарды жана инвентарларды өткөрүп берүү менен Республикалык диагностикалык борборун көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы кылып кайра түзүү чечимин кабыл алды», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий