• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда майыптыгы бар жана эмгек мигранттарынын балдарына майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана эмгек мигранттарынын балдарына майрамдык маанайды тартуулашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, жаңы жылдын алдында майыптыгы бар жана эмгек мигранттарынын балдары менен кезигип, аларга майрамдык маанай тартуулоо милиция кызматкерлеринин жакшы салттарынын бирине айланып калды.

Бул жолу балдарга мейманга Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев жана Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыковдор барышты.

Тартип сакчылары 15 жаш өспүрүмгө ар кандай кеңсе товарларды, оюнчуктарды, жер-жемиш жана таттууларды белек катары тапшырып, аларга майрамдык маанай тартуулашты. Ал эми балдар болсо, милиция кызматкерлерине окууда жетишкен ийгиликтери жана келекчектеги ой-максаттары менен бөлүштү.

«Бардык балдар бактылуу балалыкты баштарынан өткөрүү үчүн жаралган. Алардын жүзүнөн күлкү кетпеши керек. Аймактын милиция кызматкерлеринин башкы максаты – балдардын кубанычын жана жарык маанайын көрүү болуп эсептелинет.

Ошондуктан ар бир майрамда балдарга мейманга келип, аларга белектерди тапшырып кетүү аманаты биздин жакшы салтыбызга айланып калды», - деди орун басар Акылбек Бекишев.

Пикир

Оставить комментарий