• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар боюнча изилдөө өткөрүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын май айында жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрүү пландаштырылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жугуштуу эмес оорулар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө саламаттык сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат.

Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын 4 тобу (жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети) оорунун, майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат жана республикадагы мезгилсиз өлүмдүн бардык учурларынын 80%ын түзөт. Ушундай эле тенденция бүткүл дүйнөдө байкалууда.

Негизги тобокелдик факторлору – тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу сыяктуу жүрүм-турумдук тобокелдик факторлору.

STEPS изилдөөсү программалык иш-чараларды пландаштыруу жана өлкөдө жугуштуу эмес ооруларды азайтуу саясатын пландаштыруу үчүн жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорунун таралышын жана тенденцияларынын мониторингин изилдөөгө багытталган.

Республикадагы улуттук изилдөө 18 жаштан 69 жашка чейин 2800 адамды камтыйт.

Изилдөө үч этаптан турат:

  • Жугуштуу эмес оорулар менен байланышкан жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорун баалоо үчүн катышуучуларды сурамжылоо;
  • Антропометриялык өлчөөлөрдү, жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрүн өлчөө жүргүзүү;
  • Кандын биохимиялык көрсөткүчтөрүн өөлчө.

Сурамжылоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн топ тарабынан өткөрүлөт. Алар катышуучулар менен маектешип, боюн, салмагын, белдин айланасын, кан басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөп, кандагы глюкозаны жана липиддерди тез текшерүү үчүн үй чарбаларына барышат.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өлкөнүн саламаттыгын сактоого салым кошууга жана бул изилдөөгө катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий