• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Улуу мурас" хрестоматиялык жыйнагынын бет ачары өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Алыкулов Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Улуу мурас" хрестоматиялык жыйнагынын бет ачары өтөт. Иш-чара 18-апрелде саат 16:00дө башталат.

Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришкендей, Кыргызстанда биринчи жолу өнөр адамдары жана маданий-музыкалык окуу жайлар үчүн даярдалган залкарлардын мурастарын заманбап ыкмада жайылтуу иши колго алынды.

"Жыйнакта Кыргызстанда алгачкы жолу маданият жана искусство жаатында, айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырларынын атайын жаздырылган аудио материалдары текст, нота жана OR kod менен заманбап ыкмада камтылган", - деп айтылат маалыматта.

Жыйнак "Манас" театрынын дастанчыларынын демилгеси менен жазылып, "Кристенсен" фондунун демөөрчүлүгү жана "Дастанчы" коомдук фондунун жетекчилиги астында жарык көрдү.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий