• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ооган согушунун ардагери: Жанымда жүргөн эки балага ок тийип курман болушкан

Коом 0

Бишкек, 15.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Менин жанымда жүргөн эки балага ок тийип каза болгон”, - деп эскерет Ооганстанда согушта жүргөн күндөрүн Ооган согушунун ардагери, Ички иштер министрлигинин ардагери Бактыбек Арапаев.

“Мен 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аскерге чакырылгам. Бөлүштүрүү болгон кезде мени Түркмөнстандын Ашхабад шаарына жөнөтүштү, дал ошол жерден аскерде кызмат өтөй баштадыт. Ал жерде биз алты ай даярдыктан өтүп, анан ошол жылдын күз мезгилинде Ооганстанга жөнөдүк. Ооганстанда адегенде Кундуз, андан кийин Пули-Хумри деген жерге жөнөтүштү. Ал жакта мен механик жана айдоочу болуп кызмат өтөдүм”, - дейт Арапаев.

Ардагер өз сөзүндө ошол оор күндөрдү эстеген сайын жүрөгүндө бир башкача сезимдер болоорун айтып өттү.

Арапаевдин айтуусунда, ошол мезгилде Кыргызстандан аны менен кошо баргандардын баардыгы мекенге кайра кайтып келишкен. Тилекке каршы алар менен чогу жүргөн тажик жана беларус улутундагы эки балага ок тийип курман болушкан.

“Биз үйгө аман-эсен кайтып келдик. Биздин коңшу айылдан бир жигит да Ооганстанга кеткен экен. Ал 1983-жылы май айларында кайтыш керек болчу, бирок келбей калган. Аны курман болду деп жүрсөк, эми 30 жылдан кийин ал тирүү болуп чыкты. Ал азыр аксакал болуп калыптыр. Ооганстандан үй-бүлө куруп, эки баласы бар экен. Анын туугандарынын айтуусу боюнча, аны ошол маалда бирөөлөр уурдап кеткен экен, азыр болсо баары жакшы дейт”, - дейт Арапаев.

Ооганстандан советтик аскерлеринин чыгарылышынын 30 жыл болгонуна карабай, ардагер өз башынан өткөргөн оор күндөрдү эч качан эсинен чыгарбайт.

Эске сала кетсек, бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ооган мамлекетинен Советтик аскерлеринин чыгарылышынын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү. Ал иш-чарага КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Пикир

Оставить комментарий