• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кыргызстандык дарыгерлерге жеке коргонуу каражаттарын берди

Ден соолук 0

Бишкек, 03.04.20/Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялоочу каражаттарды, тез жардам кутусун берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, техникалык жардам Республикалык иммундук профилактика борборуна берилүүдө. Келген коргонуу каражаттарын өлкөнүн аймактарында иммунизациялоо (эмдөө) боюнча иштей турган 65 көчмө бригада алат.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көчмө бригадалардын жол чыгымын жана ал ишке тартылган медицина кызматкерлеринин иш сапарынын чыгымын төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов көрсөткөн жардамы үчүн аталган уюмга ыраазычылыгын билдирип: "Эл аралык жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен эмдөө боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жеттик. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөбүздөгү жана аймактагы кеңсесине ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий