• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Кечээ, 6-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында "Биздин планета - биздин ден соолук" акциясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында бактарды отургузуу, таштанды чогултуу сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулду.

Аталган акцияда борбор шаардын тургундары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жштар саясаты министрлигинин, ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү, БУУ агенттиктеринин жана Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү/башчылары катышты.

"Чек арасыз дарыгерлер" уюму дагы сүт бездеринин жана жатын моюнчасынын рак оорусунун алдын алуу боюнча программасын жайылтып жаткан районунун Жаңы-Жер айылындагы өтө турган бак тигүү иш-чарасына катышып, эко баштыктарды таратышты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, айлана-чөйрө менен байланыштуу жыл сайын болгон өлүмдүн 13 миллиондон ашуунун алдын алууга болот.

Буга байланыштуу, 2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы биздин ден соолугубуз – бардык жан-жаныбардын, адамдардын, өсүмдүктөрдүн жана планетабыздын саламаттыгы менен байланыштуу экенин чагылдыруу. Бул жылы маалыматтык кампания, коомдун жана ар бир адамдын жүрүм-туруму, тандоосу айлана-чөйрөгө таасир этээрин ачык көрсөтүүгө багытталган тезистерди жана иш-чараларды илгерилетүүгө багытталган.

"Адамдар өздөрүнүн рационалдуу эмес жүрүм туруму менен экологиялык абалдын начарлашына түрткү беришет, бирок биз бул кырдаалды оңдой алабыз жана оңдошубуз керек, себеби сөз адамзатынын ден соолугунун эң олуттуу коопсуздугу – климаттык кризис жөнүндө болуп жатат.

Климаттык кризис жана саламаттык сактоо жаатындагы кризис биздин саясий жана социалдык-экономикалык чечимдерибизге байланыштуу. Казып алынган отундардын түрлөрүн колдонуунун натыйжасында, адамдардын 90%дан ашуунун ден соолукка зыяндуу аба менен дем алууда. Глобалдык температуранын жогорулашы менен чиркейлар аркылуу берилүүчү оорулар андан ке-ири дагы андан көбүрөөк дагы жайыла баштады. Экстремалдык аба ырайынын шарттары жердин деградация болушуна, суунун жетишсиз болуп, адамдардын аргасыздан көчүүсүнө жана ден соолугунун бузулушуна алып келет", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: 1948-жылдын 7-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун уставы күчүнө кирген жана бул күндү уюмдун “туулган күнү” катары, жыл сайын ушул күн “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук" күнү катары белгиленет. БДСУнун уставында ден соолукка болгон укук ар бир адамдын расасына, динине жана социалдык абалына карабастан негизги укуктарынын бири болуп эсептелет.БДСУнун аныктамасы боюнча Ден соолук – бул оорулардын гана жок болушу эмес. Ден соолук бул – физикалык, руханий жыргалчылык жана социалдык бейгамдык абалы .

2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы - "Биздин планета - биздин ден соолук" жана бул саламаттык сактоо жаатына таасир этүүчү климаттык кризиске көңүл борборун бурат.

Пикир

Оставить комментарий