• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жума бою уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшеришет

Ден соолук 0

Бишкек, 20.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 23-октябрдан 1-ноябрга чейин “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” өтүп, анда уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшерип, консультация берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, акция Бишкекте Республикалык урология илимий борборунунун базасында 09:00дон 15:00гө чейин өтөт. 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу. Уролог жана андрологдордун кабыл алуусуна облустук ооруканалардын урология бөлүмдөрүндө да келүүгө болот.

“Буга чейинки жылдары өткөрүлгөн “Эркектердин саламаттыгы жумалыгы” акциясы 40 жаштан жогору 60 пайыз эркектер кандайдыр бир даражада импотенциядан жабыркай тургандыгын көрсөткөн. Бул алардын жашоо сапатына кыйла таасир берет”, - деп белгиледи Е.Баялинова.

Ошондой эле ал акыркы мезгилде эркектердин тукумсуздугу кыйла өскөнүн кошумчалады. 55 жаштан жогору 70 пайыз эркектер түнкү заара кылуудан жабыркашат. Бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири болгондугуна карабастан, алардын 8%ы гана дарыгерлерге кайрылышат.

Пикир

Оставить комментарий