• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Убагында жүргүзүлбөгөн төлөм үчүн 1800 абоненттин жарыгы өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.10.17 /Кабар/. “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 20-октябрда Бишкек шаарындагы 1 800 абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү, алардын карыздарынын суммасы 8,5 млн.сомду түзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан соң, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир

Оставить комментарий