• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

Коом 0

Бишкек, 8-июнь /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун соту Айбек уулу Эрнис мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Биринчи май сотунда коррупцияга айыпталган “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча процесс жүрүп жатат.

Чотоновдун жактоочусу доо арызын ушул берене боюнча айыпталгандар эркиндикте жүргөндүгү менен негиздеген.

Кеңешме бөлмөсүнө чыгып келген сот доо арызды канааттандырган жок. Ал билдиргендей, жактоочу чечим боюнча 10 күндүн ичинде даттана алат. Жактоочу өз кезегинде кассациялык арыз жазып, бул чечимге каршы чыга тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий