• 88.68
  • 95
  • 0.95

16-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда, күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жаан карга айланат. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 22...27, Таласта 21...26, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз 15...20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 22...27 градус ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болот, күндүз 25…27 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий