• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынан Красноярскка туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы 22-майдан тарта Ош - Красноярск - Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууну көздөөдө.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, натыйжада Оштон Красноярскка авиакаттамдардын саны көбөймөкчү.

Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу аткарылат. Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына 5 жолу каттап турган.

"МЭА" ААК аталган каттамдар боюнча суроолор болсо, авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий