• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарында волейбол жана баскетбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мелдеш эки топко бөлүнгөн. Биринчи топто жарышка шаар мекеме, уюмдарынын, күч түзүмдөрүнүн, саламаттык сактоо, билим берүү тармагынын кызматкерлери катышкан. Экинчи топто шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери жарышкан.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом, ардак грамота, медаль жана баалуу белектер менен берилген.

Бул мелдештин максаты республикалык жана эл аралык жарыштарга катышуусу үчүн мыкты спортчуларды тандоо, эл арасында спортту жайылтуу болгон.

Шаардык мекеме, уюмдардын кызматкерлеринин арасындагы волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

1-орун – ОшТУ командасы;

2-орун – ОшМУ командасы;

3-орун – "Ош-Алайка" командасы;

4-орун – "Курманжан Датка" командасы.

Студенттер арасындагы волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

1-орун – ОшМУ командасы;

2-орун – ОГПИ командасы;

3-орун - Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби-1 командасы;

4-орун – ОшМЮИ командасы.

Шаардык мекеме, уюмдардын кызматкерлеринин арасындагы баскетбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

1-орун – "Сапат Глобал" командасы;

2-орун – "Кара-Кулжа" командасы;

3-орун – "Курманжан Датка" командасы;

4-орун – ОшТУ командасы.

Студенттер арасында:

1-орун – "ОшМУ" колледжинин командасы;

2-орун – "ОшМУ" бакалавр командасы;

3-орун – "ОшКӨУ" командасы;

4-орун – "Курманжан Датка" командасы.

Пикир

Оставить комментарий