• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун вице-мэри жеке ишкерлер менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Кадыров жумушчу топтун жыйындарында аныкталган социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалымат реестри менен таныштырды.

КРнын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан 13 маанилүү маселелер боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий