• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүнгөн

Экономика 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Акыркы дүйнөлүк окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук министрлер кабинетин тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү үчүн антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылды, деп белгиледи экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев коллегиясынын жыйынындагы өзүнүн баяндамасында.

Кризиске каршы иш-чаралардын планына 51 иш-чара киргизилип, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 миллиард сом бөлүнгөн. Иш жүзүндө калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 миллиард сом бөлүндү, анын ичинде:

  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба муктаждыктарына, ирригацияга жана эң керектүү товарларга бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларга 8,5 миллиард сом бөлүндү;
  • социалдык тармакка 35,8 млрд сом сарпталды;
  • финансылык туруктуулукка 36,0 млрд сом бөлүндү;
  • ишкерлерди колдоого 37,5 млрд сом бөлүндү;
  • энергетикалык коопсуздукка 15,3 млрд сарпталды.

Министр кризиске каршы план ички ресурстардын негизинде иштелип чыкканын жана тышкы демөөрчүлөрдүн жардамынан көз карандысыз болгонун баса белгиледи.

2022-жылы ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу артыкчылыктуу багыт болду. Бул үчүн квоталарды бекитүү, нөлдүк ставкада маанилүү товарларды алуу иш чаралары кабыл алынды. Ошондой эле азык-түлүк товарларына рыноктук бааны кармап туруу жана турукташтыруу максатында, социалдык маанилүү товарлар үчүн КНСтин нөлдүк ставкалары белгиленди.

Натыйжада жыл аягына чейин жеңилдик 950 миллион сомдун тегерегинде болду.

Биринчи жолу кумшекер жана ун рыногунда бааларды кармап туруу үчүн өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, соода объектилери менен келишимдерди түзүү үчүн келишимдер түзүлдү колдонулду. Калкка күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү жана аларга болгон бааны кармоо максатында бюджеттик колдоо көрсөтүлүп, дээрлик 3 млрд сом кредит берилди.

Көмүрдүн баасы 8-10 миңге чыгып кеткенин эске алуу менен ыкчамдуу түрдө бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында: ундун баасы 45 сомдон 42 сомго арзандады; өсүмдүк майынын баасы 180 сомдон 145 сомго чейин төмөндөдү; кум шекерге болгон баа 100 сомдон 85 сомго чейин төмөндөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий