• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Белгилүү армениялык сүрөтчү “Тазалыктын” кызматкерине арнап видеоролик жасады

Коом 0


Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Белгилүү армениялык сүрөтчү “Тазалык” ишканасынын кызматкерине арнап видеоролик жасады. Бул тууралуу кененирээк роликтин каарманы, ведомствонун басма сөз катчысы Жибек Каракеева айтып берди.

Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, 19 жаштагы сүрөтчү Микаэл Арутюнян 10 жашында сүрөт тарта баштаган. Анын автордук эмгектери 3 жеке көргөзмөгө коюлган.

Жибек Каракееванын айтымында, сүрөтчүнүн мындай белеги ал үчүн күтүүсүз болгон.

“Биз былтыр бир эле жолу көрүшкөнбүз. Бул видеороликте менин бир күнүм сүрөттөлгөн. Көп браслеттерим, айрык жынсы, итим, түз эфирлер... Ал ушунун баарын эске алып сүрөткө түшүрүптүр”, - деди Каракеева.

Арутюнян алгач сүрөттөрдү тартып, андан соң монтаждап музыка кошкон.

Пикир

Оставить комментарий