• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кубанычбеков: Коррупцияга аралашкан бажычылар иштен алынды, айрымдарынын тиешеси жок болуп чыкты

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков буга чейин коррупцияга байланышы бар 40 адамдын аты аталганын айтып, бул боюнча ички иликтөө жүргөнүн белгиледи.

“Биз дагы ички иликтөө жүргүздүк. Коррупцияга аралашкан кызматкерлердин баары иштен алынды. Айрым кызматкерлердин тиешеси жок болуп да чыкты”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана анын 40ка жакын айланасына кирген адамдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык схема аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий