• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө жаштар мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө үй куруп беришти

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Темир айылынын жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнү ак өргөлүү кылышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылдын 1985-жылкы жаштарынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургуну Сапарбек Курманалиевге үй куруп берилди. Салтанаттуу иш-чарага райондун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев, айыл аксакалдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мугалимдер катышты.

“Сапарбек Курманалиевдин балдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген муктаждык жаралып келген. Эми минтип ак өргөлүү болушту. Албетте, бул жалпыбызга үлгү боло турган иш. Демөөрчү болгон жаштарга Алла Таалам ыраазы болсун. Мына ушундай жол менен ысырапкорчулукту токтотуп, кайрымдуулук иштерин баштасак элибизде колу жукалар азаят”, - деди Максат ажы Сейталиев.

Пикир

Оставить комментарий