• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Таиланддын беттешин иорданиялык калыс тейлейт 

Спорт 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 2023-Азия Кубогунун Таиланд-Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Адхам Мухаммедке каптал сызыктарда анын мекендештери - Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ким Хенг (Корея) резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында БАЭлик адистер Адел Али жана Хасан Мохамед иштешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Таиланддын футбол боюнча улуттук курама командаларынын старттык оюну 16-январда Катардагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтөт.

Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.

"Ак шумкарлар" ак түстөгү формада ойнойт.

Улуттук курамага күйөрмандык кылам дегендер үчүн Бишкектеги "Азия Молл" (3-кабат) жана "Дордой Плаза" (1-кабат) соода борборлорунда атайын фан-зоналар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий