• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров менен Еврокомиссиянын вице-президенти кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

МинКаб Төрагасы 2023-жылы Кыргызстан менен Евробиримдиктин аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусу динамикалуу өнүккөнүн белгиледи. Анда Борбордук Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жолугушуусу болгону, ошондой эле Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишельдин Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары айтылды.

“2024-жыл европалык өнөктөштөр менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу менен башталганы кубандырат. Бул жолугушуу 2023-жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия - Европа биримдигинин саммитинде биздин лидерлер койгон милдеттерге жооп берет деп ишенем”, - деди ал.

Акылбек Жапаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп жатып, Кыргызстан Европа менен Азияны байланыштырган маанилүү аймак экенин белгиледи. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу өлкөнүн ири инфраструктуралык долбоорлору тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулаарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий