• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия Кубогу-2023. "Ак шумкарлар" старттык оюнда ак түстөгү формада ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 15.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун "F" тайпадагы старттык Таиландка каршы оюнунда ак түстөгү формада ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Эске салсак, 2023-жылкы Азия Кубогунун "F" квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну эртең, 16-январда Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт.

Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.

"Ак шумкарларга" күйөрмандык кылам дегендер үчүн Бишкектеги "Азия Молл" (3-кабат) жана "Дордой Плаза" (1-кабат) соода борборлорунда атайын фан-зоналар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий