• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто Жогорку соттун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогу өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Ош шаарында сот тутумунун кызматкерлеринин арасында Жогорку соттун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогу болуп өттү.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, спорттук мелдеште жалпысынан 11 команда ат салышып, кызыктуу оюн көрсөтө алышты.

Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, диплом жана грамоталар тапшырылды.

Биринчи орунду жана турнирдин өтмө кубогу менен Чуй облустук сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Жалал-Абад облустук сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Нарын облустук сотунун командасы, төртүнчү орунга Бишкек шаардык соту татыктуу болду.

Мындан сырткары, турнирдин уюштуруучулары "Мыкты дарбазачы", "Мыкты оюнчу", "Мыкты бомбардир" номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Пикир

Оставить комментарий