• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматынын кызматкери пауэрлифтинг боюнча Азиянын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. КР Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Ливерко Андрей пауэрлифтинг боюнча эки номинацияда Азия чемпиону болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ачык Азия” чемпионаты 2021-жылдын 11-мартынан 14-мартына чейин Бишкек шаарында өткөн. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Индия, Иран, Грузия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышты. Андрей Ливерко турнирде 82,5 кг салмакта Мамлекеттик бажы кызматынын атынан чыккан.

"Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы Ливерко Андрейди жеңиши менен куттуктайт!"- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий