• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Өзбекстан контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүүдө кызматташууну баштайт

Өкмөт 0

Бишкек. 16.03.21. /кабар/. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөш жүргүзүүдө кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Белгилүү болгондой, документке Кыргызстан Өкмөтү жана Өзбекстан Өкмөтү ортосундагы 2000-жылдын 27-сентябрындагы бажы тармагындагы кызматташуу тууралуу Келишимди натыйжалуу ишке ашыруу, Тараптардын контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүүдөгү кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кол коюлган.

Белгиленгендей, контрабанда, ошондой эле бажы иши тармагындагы укук бузуулар эки өлкөнүн экономикалык, соода, финансы, социалдык жана маданий кызыкчылыктарына зыян келтирет.

Буга байланыштуу тараптар мамлекеттердин өз мыйзамдарына ылайык, контрабанданын жана бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, ачыкка чыгаруу, ага тыюу салуу жана аны иликтөө максатында, эң ириде, куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү жаатында кызматташат.

Мындан тышкары, аталган Келишим алкагында тараптар контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүү жаатындагы учурдагы жана токтоосуз милдеттерди ыкчам чечүү, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн байланыштагы жактарды аныктоо менен биргелешкен жумушчу топту түзөт

Пикир

Оставить комментарий