• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

АФК Кубогунун тайпалык этабы: «Абдыш-Ата» тажикстандык «Равшанды» жеңди

Спорт 0


Бишкек, 09.11.23./Кабар/. 2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын төртүнчү турунун алкагында ата-мекендик «Абдыш-Ата» клубу тажикстандык «Равшан» ФКсы менен оюнда кез келди.

Беттеш бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Эсеп 1:0, оюн канттык «Абдыш-Ата» клубунун жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду атаандаштын дарбазасына оюндун 49-мүнөтүндө Айзар Акматов киргизди.

Ошентип, «Абдыш-Ата» «Е» тайпасынын ичиндеги лидерлигин сактап, төртүнчү турдан кийин өздөрүнө 10 упайды камсыздады.

Тайпа ичиндеги дагы бир «Алтын-Асыр» - «Мерв» ортосундагы оюн бүгүн Бишкек сааты боюнча 20:00дө башталды.

Пикир

Оставить комментарий