• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамагенттиктин жана «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун өкүлдөрү 2021-жылга карата иш планды талкуулашты

Спорт 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-январь күнү, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар борборунда (Бишкек шаары) Мамагенттик менен Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) ишке ашырып жаткан «Жаштар үчүн жаркын келечек» кыргыз-герман долбоорунун өкүлдөрүнүн кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ведомствонун директорунун орун басары Самат Токтоналиев, «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун жетекчиси Сандра Фур, ошондой эле Мамагенттиктин жана долбоордун адистери катышты.

Самат Токтоналиев өлкөнүн жаштар саясаты жаратман жаштарды калыптандыруунун өзөгү болгон жаштардын оң сапаттарын өркүндөтүүгө багытталган деп белгиледи. Ал 2021-жылы пландалган иш-чаралар жана алардын ийгиликтүү ишке ашырылышынын жыйынтыгында кандай өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын айтып берди. «Бул жыл жаштар саясаты үчүн үзүрлүү жылдардан болуп, ал үчүн биздин кызматташтыгыбыздын салымы чоң болот деп ишенем», – деп кошумчалады Токтоналиев.

Мындан тышкары, тараптар бөлүм аралык кызматташууну, 2021-жылга карата биргелешкен иш планды, жаштар иштери боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу жана жаштардын арасында жумуштуулук маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий