• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн “Ак шумкарлар” Мьянманын курамасы менен беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 11.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Мьянманын командасы менен беттешке өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн 11-июнда Бишкектин убактысы менен саат 13:00дө башталат.

Кыргызстандык оюнчулар Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу буга чейинки оюндарда алган эскертүү сары кагаздарынан улам Мьянмага каршы оюнга чыкпайт.

Ал эми дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев дагы оюн талаасына чыкпай калышы мүмкүн. Монголиянын командасына каршы оюнда аталган спортчулар коронавируска шектелип, беттешке катышкан эмес.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 7 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий