• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Иорданиядагы Азия чемпионатында 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.07.23./Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш (U-15) боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 1 алтын, 3 коло жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

41 кг чейинки салмак категориясында катышкан Садырбек Кайыпбеков алтын медаль тагынды.

38 кг чейинки салмакта Калыбек Бактыбеков, 44 кг чейинки салмак категориясында Жакшылык Боробаев жана 57 кг чейинки салмакта Талгарбек Ашымов коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Азат Мирахимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Азия чемпионаты 12-20-июль күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий