• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Блогер Улукбек Карыбек уулу эч жакка кетпөө тил каты менен сот залынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 16.07.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады.

Облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, процесстин жүрүшүндө блогердин кармалышы мыйзамдуу деп табылган.

"Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде Улукбек Карыбек уулу эч жакка кетпөө тил каты менен сот залынан бошотулду", – деп кошумчалашты облустук соттон.

Белгилей кетсек, 15-июлда блогер Улукбек Карыбек уулуна карата "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий